Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
08/11 17:32
 

Осмонбек Артыкбаев: “Кытайдын ашыкча ишканаларын Кыргызстанга алып келүү менен өлкөбүздүн экономикасын көтөрөбүз”

Бишкек, 8- ноябрь /Кабар/. Кытайдын ашыкча ишканаларын Кыргызстанга алып келүү менен өлкөбүздүн экономикасын көтөрөбүз. Бул тууралуу бүгүн парламенттик көпчүлүк каолициясынын жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев билдирди.

“Кытай Кыргызстанга ашыкча өнөр жай өндүрүшүн которуу ниетинде экенин билебиз. Экономиканын көлөмүн көтөрүү үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк. Биз бул маселеге олуттуу мамиле кылышыбыз керек. Учурда өлкөбүзгө 40 ишкананы которуу боюнча иш жүрүп жатат. Бул маселени аягына чейин чыгаруу керек. Азыр дүйнө жүзү Кытайдын артынан жүрөт, биз мүмкүнчүлүктү өз убагында колдонуп калбасак, кийин товарларды башкалардан сатып алууга туура келип калат” - деди депутат.

Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бул маселе өкмөттүн көз алдында турганын, бул багытта иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу