Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
02/11 13:16
 

Кыргызстанда бодо малды идентификациялоо 2017-жылы майда бүтөт

Бишкек, 2-ноябрь /Кабар/. Кыргызстанда бодо малды идентификациялоо 2017-жылы майда бүтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Аширбай Жунусов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн малдын кулагына бекитүүчү бирка алуу боюнча тендер бүттү. “Кыргызстандын Өкмөтү буга 40 млн сом бөлгөн. Сыноо максатында 17-ноябрга чейин миң даана алып келебиз. Тендерди кытай компаниясы жеңип алды. Бары жакшы болсо дагы 716 миң даана алынып келинет. Ошондой эле, россиялык кайтарымсыз жардамдын эсебинен бизге 550 компьютер, миң ноутбук, миң смартфон каралган. 453 айылдык округдарда кабинеттер бөлүнүп, компьютерлер коюлуп, интернет кошулду, адистер окуудан өтүштү. Идентификациянын бирдиктүү программасы иштеп жатат”,-деди ал.

Мындан тышкары, А.Жунусов 2017-жылдын май айынан баштап жылкыларды, ал эми 2018-жылдан баштап майда жандыктарды идентификациялоо башталарын белгиледи. “Жалпысынан бүгүнкү күндө Кыргызстандын бюджетинин эсебинен бирка сатып алууга 40 млн сом бөлүндү. Россиялык гранттын эсебинен 2,2 млн долларга, башкача айтканда 138 млн сомго компьютер, ноутбук жана смартфондор берилген. Жыйынтыгында биз 178 млн сом сарптадык. Кийинки жылдарга лаборатория жана идентификациялоого бизге 165 млн сом бөлүү пландалууда”,-деп кошумчалады инспекциянын директорунун орун басары.

Муну менен катар А.Жунусов Ош жана Бишкек шаарларындагы 2 лабораториянын капиталдык оңдоо иштери дээрлик бүтүп калганын билдирди.

“Азыр азык-түлүк бөлүмүнө жабдыктар келип жатат. Зоналаштырууга байланыштуу айта турган болсок, Өкмөттүн токтому менен өлкөнүн аймагын үчкө бөлдүк. Алар: Ысык-Көл-Нарын, Чүй-Талас, Жалал-Абад-Ош-Баткен. Иштер жүрүп жатат. ден соолукту жакшыртуу башталган”,-деди ал.

Жыйынтыгында ал Кыргызстан Казакстан менен чек арадагы ветеринардык текшерүүнү алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын кошумчалады. “Бул маселени жогорку саясий деңгээлде чечүү зарыл”,-деп сөзүн жыйынтыктады А.Жунусов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу