Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
01/11 14:27
 

Сооронбай Жээнбеков республиканын аймагында кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча кеңешме өткөрдү

 Сооронбай Жээнбеков республиканын аймагында кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча кеңешме өткөрдү

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде республиканын аймагында кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Көптөгөн фермерлердин жана кайра иштетүүчүлөрдүн негизги көйгөйү – айлантуучу каражаттын жетишсиздиги. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жана «Мамлекеттик кепилдик фонду» ААК көмөгү аркылуу каржылоо маселеси чечилет, бул багыттагы конкреттүү долбоорлор керектелет. Буга катар «Айыл чарбасын каржылоо» программасынын алкагында жашылча-жемиш өстүрүүгө жана кайра иштетүү өнөр-жай ишканаларын колдоого жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын көлөмүн теңдештирүү зарыл, анткени учурда каражаттын 80%ы мал чарбачылыгын насыялоого жумшалууда», – деди Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков.
Кеңешмеде облустар арлыгында жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Турдуназир Бекбоев маалымат берди.

Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпысынан 336 кайра иштетүүчү ишканалар бар, алардын көбү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жайгашкан. Муну эске алуу менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды республиканын башка аймактарында да түзүү зарыл. Атап айтканда, Баткен облусунда жыл сайын болжол менен 65 миң тонна жер-жемиш өстүрүлөт. Анын 25-30 миң тоннасы – баткен өрүгү, алар коңшу мамлекеттерде кайра иштетилген соң, өздүк продукт катары сатылууда. Министрлик Лейлек районунда эки кайра иштетүүчү ишкана түзүүнү сунуштоодо, анын бирин – Арка массивинде, экинчисин Бүргөндү массивинин аймагында жайгаштырууга болот.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Турдуназир Бекбоев маалымдагандай, Ош облусунун Ноокат районунда – логистикалык борбор, Жалал-Абад облусунда Таш-Көмүр шаарында кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, Сузак районунда жер-жемиштерди, жүгөрүнү кайра иштетүүчү цех түзүү сунушталууда.

«Талас облусундагы 52 миң га төө буурчак айдалган аянтта төө буурчакты консервациялоо жана сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү, ал эми Покровка айылында томатты кайра иштетүүчү завод куруу пландаштырууда. Нарын облусунда мал чарбачылыгынын өнүккөндүгүн эске алуу менен этти жана сүттү кайра иштетүүчү ишкана жана логистикалык борбор түзүү зарыл. Ысык-Көл облусунда жер-жемишти, этти жана сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү керек. Чүй облусунда 11 300 га кант кызылчасы эгилген аянттан быйылкы жылы жакшы түшүм жыйналган, бул биздин кант кызылчасына карата ички муктаждыгыбыздын 90% камсыздоого мүмкүндүк берет. Эмдиги жылы «Кошой» заводу толук кубаттуулукта иштеп баштаса, ички муктаждыкты гана камсыздабастан, проукцияны тышка экспорттоого да мүмкүндүк алабыз. Буга катар бир соода-логистикалык борбору иштеп жаткан Сокулук районунда дагы бир логистикалык борбордун курулушу талап кылынат», – деди тармактык министрликтин жетекчиси.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, райондоштуруу тутумунун киргизилиши бир катар милдеттердин топтомун чечип, өлкөдө кооперативдик кыймылдын өнүгүүсүнө түрткү берет, натыйжада, айыл чарба продукциясынын көлөмү жогорулап, экспорттун жогорулашына шарт түзөт. Ошондой эле дыйкандардын жана фермерлердин продукциясын сатуу маселеси чечилип, жалпы республиканын мүмкүндүктөрүн тең салмактандырат. Расмий маалыматтарга ылайык, республиканын аймагында айыл чарба продукциясынын 15% гана кайра иштетилет.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалыматтары облус жетекчилерине сунушталат, алар тараптан аймактарда кайра иштетүү ишканаларын куруу жана райондоштуруу програмасын ишке ашыруу милдети жүзөгө ашырылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу