Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/11 11:22
 

Улуттук банк жыл аягына чейин дагы 2 коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарат – М.Ашыралиева

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. КР Улуттук банкы жыл аягына чейин дагы 2 коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын Накталай акча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Медина Ашыралиева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жыл аягына чейин дагы 2 коллекциялык монеталар – “Улуу кыргыз каганатынын доору” жана “Кыргызстандын Кызыл китеби” монеталары жүгүртүүгө чыгарылат.
“Мындай монеталарды жүгүртүүгө чыгарардан мурда биз Маданият министрлиги жана башка ведомстволор менен кеңешебиз”,-деди М.Аширалиева.

Бул монеталардын жасалмасын чыгаруу жеңилби, деген суроого ал “оңой эмес” деп жооп берди.

“Коллекциялык монеталарды өлкөбүздө жасоо окуясы катталган эмес. Дегеле бул өтө кооптуу жана пайдасыз. Анткени, алар ченелүү санда чыгарылат. Нумизматтар да өтө сак болушат, эгерде колдоруна жасалма монета тийип калса, алар бат эле билип коюшат”,-деп ишендирди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу