Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
01/11 10:50
 

Кыргызстанда «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы» коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылат

Кыргызстанда «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы» коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылат

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы быйыл 1-ноябрдан тартып «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул туралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Лада Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, бул монета орто кылымдагы улуу ойчул, түрк поэзиясынын негиздөөчүсү, окумуштуу-энциклопедиячы Жусуп Баласагынга арналган.

“Аталган коллекциялык монета улуу ойчулду даңктоо, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биримдигин чыңдоо, Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү максатында чыгарылган”,-деди Л.Орозбаева.

Монетанын номиналы 10 сом 1 миң даана нуска менен чыккан. КР аймагында расмий төлөм каражатына ээ. Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапат сертификаты жазылып, өзүнчө кутучага салынган. Монетанын баасы 3240 сом.

Алдыңкы бетинде Ж.Баласагындын Кашкардагы мавзолейинин фонундагы портрети жана Бурана мунарасынын фрагменти түшүрүлгөн. Монетанын сол тарабына “Куттуу билим” поэмасынын уйгур тилиндеги кол жазмасы бар. Монетанын арткы бетинде “Куттуу билим” поэмасынын саптар жана Бурана мунарасы кыргыз тоолорунун фонунда берилген.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу