Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
31/10 16:53
 

«Бир айыл – бир продукт» долбоору менен таанышуу үчүн Кыргызстанга Афганистан менен Тажикстандын делегацясы келди

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. “Бир айыл – бир продукт” долбоору менен таанышуу үчүн Кыргызстанга Афганистан менен Тажикстандын делегациясы келди. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын максаты долбоор менен таанышуу жана аны ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Катышуучулар “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун негизги ишмердүүлүгү жергиликтүү бирикмелер ассоциациясын туруктуу бекемдөөгө, аталган долбоордун азыктарынын киреше өндүрүмүн кеңейтүү, алардын сапатын жакшыртуу жана маркетингдик жолду жана экспорттун булагын түзүүгө багытталганын биле алышты.

“Бир айыл – бир продукт” азык-түлүктөрүн саткан дүкөн жана пункттарга, цехтерге баргандан тышкары, Афганистан жана Тажикстандан келген делегация долбоордун акыркы жылдардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары менен таанышышты. Ошондой эле, алар Кыргызстандын “Бир айыл – бир продукт” долбоору менен тыгыз кызматташууга жана өз өлкөлөрүндө долбоордун ишмердүүлүгүн ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүгө үмүт артышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу