31.10.2016, 10:37

«Жалалабатэлектро» ААК электр энергиясы үчүн 9 айда 1 048,6 млрд сом чогултуп, планды 102% аткарды

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. 2016-жылдын 9 айы ичинде «Жалалабатэлектро» ААК электр энергиясы үчүн 1 048,6 млрд сом чогултту жана планды 102% аткарды. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматы билдирди .

Компаниянын башкы директорунун орун басары А.Сыдыковдун айтымында, 1 028,3 млрд сом пландын ордуна 1 048,6 млрд сом жыйналган. Анын ичинде калктан 472,8 млн сом чогултулуп, план 105% аткарылган.

2016-жылдын 9 айы ичинде электр энергиясын жоготуу пландагы 11,2% ордуна 11,34% түзгөн.

Калктын электр энергиясына дебитордук карызы 2016-жылдын башында 132,6 млн сомду түзүп, ал 22,3 млн сомго төмөндөтүлгөн.

Мында калктын дебитордук карызы учурда 10,3 млн сомду түзүп, ал 16,8% азайган.