Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/10 18:37
 

Талас облустук өнүктүрүү фондуна 170 млн 302 миң 200 сом акча каражаты келип түштү

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. “Жерүй” алтын кенин иштетүүнү эсебинен түзүлгөн Талас облустук өнүктүрүү фондусуна 170 млн 302 миң 200 сом акча каражаты келип түштү. Бул тууралуу облустук өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Чолпонкул Төрөкулов билдиргенин Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтуусунда, облустук фондго түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, айыл өкмөттөрүнөн жана облустук, райондук мекемелерден өндүрүштүк, социалдык багыттагы келип түшкөн долбоорлорду дыкат изилдеп, каржылоого алуу үчүн атайын 9 адамдан турган фонддун башкармалыгы түзүлгөн.

Фонддун администратору болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев иштеп жатса, фондго түшкөн акча каражаттарынын туура пайдаланылгандыгын жана каржыланууга алына турган долбоорлордун максаттуулугун көзмөлгө алуучу курамы 13 адамдан турган атайын Байкоочу Кеңеш түзүлүп, өз ишин баштады. Фонддун башкармалыгынын төрагасы Ч. Төрөкулов азыркы учурда аталган облустук фондго облустун айыл аймактарынан өндүрүштүк багытта чакан ишканаларды куруп, жумушчу орундарды түзүү, тийиштүү айыл чарба жана башка керектүү техникаларды сатып алуу жана социалдык багытты өнүктүрүү боюнча долбоорлор келип түшө баштады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу