Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/10 10:45
 

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду

 Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков 27-октябрда Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында төмөнкү маселелер талкууланып, тиешелүү документтерге кол коюлду:
1. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин “2015-жылга Евразия экономикалык комиссиясынын бюджеттин аткарылышы, жылдык отчету жөнүндөгү” чечиминин долбоору тууралуу;
2. Жогорку Евразия экономикалык кеңештин бюджети Жөнүндө “2017-жылга Евразия экономикалык бирлигинин бюджети тууралуу” чечиминин долбоору;
3. Евразия экономикалык комиссиясынын эл аралык ишмердүүлүк боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу;
4. Украинадан ташылып келинип, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына киргизилип жаткан ферросиликомарганцага каршы антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө;
5. Казакстан Республикасынан Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине өкүлчүлүгү тууралуу;
6. 2015-жылдын 8-сентябрындагы “Кийим, жүндөн жасалган кийимдерге тиешелүү бөлүктөр жана башка буюмдар” боюнча Макулдашууну 2015-2016-жылдары ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду (идентификациялоо) товардык позициядагы белгилери боюнча маркировкалоо тууралуу келишимге кол коюу жана Протоколдун мөөнөтүн узартуу тууралуу.

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2016-жылдын ноябрь айында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтөт. Жыйынга төрагалык Казакстан Республикасынан Кыргыз Республкасына өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу