Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
28/10 10:19
 

Кыргызстан Свердлов облусуна терини, жүндү иштетүү жана форел балыгын багуу боюнча биргелешкен ишкана ачууну сунуштады

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Кыргызстан РФнын Свердлов облусуна терини, жүндү иштетүү жана форел балыгын багуу боюнча биргелешкен ишкана ачууну сунуштады. Бул тууралуу КР Өкмөтү менен Свердлов облусунун ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиясынын жыйынында КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова айтканын ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Жыйында ошондой эле, өнөр жайы, энергетика, кен казуу тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү мселелери каралды. Мындан тышкары, турмуштук оор шарттарда жашаган жарандарга социалдык кызмат көрсөткөн адистер менен тажрыйба алмашуу жана кыгызстандыктарды Ураль мамлекеттик агрардык университетинде окутуу жаатында да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу