Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
25/10 18:33
 

9 айда бюджеттик субсидиялардын жалпы көлөмү 4,5 млрд сомду түздү

Бишкек, 25-октябрь /Кабар/. «Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоорунун алкагында 2016-жылдын январь-сентябрында финансылык ишканаларды 454,5 млн сомго субсидиялоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- «Айыл Банк» ААК – 224,2 млн сом,
- «РСК Банк» ААК – 153,9 млн сом,
- «КИКБ» ЖАК – 47,1 млн сом,
- «Кыргызстан» ААК – 16,8 млн сом,
- «Бакай Банк» ААК – 10,1 млн сом,
- «РосинБанк» ААК – 2,4 млн сом.

2016-жылдын январь-сентябрында бюджеттик субсидиялардын жалпы көлөмү 4 млрд 573,4 млн сомду түздү. Алсак, көрсөтүлгөн мезгилде республикалык бюджеттен:

- «Электр станциялары» ААКга – 500 млн сом өлчөмүндө,
- «Тазалык» муниципалдык ишканасына 85 млн сом өлчөмүндө,
- «Чыгышэлектр» ААКга 8 млн сом өлчөмүндө ссудалар берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №123 токтомуна ылайык, жалпысынан 805 млн сом бөлүндү, анын ичинен:
- Мамлекеттик ипотекалык компанияга – 800 млн сом,
- Энергетикалык холдингдик компанияга – 5 млн сом.

Жазгы талаа жумуштарын бүткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигине 900 млн сом бөлүндү.
«Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасына 1 млрд 241,6 млн сом өлчөмүндө каражат ачылды.
«Ош жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоого байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу үчүн 101 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

Валюталык насыяларды конвертациялоо үчүн коммерциялык банктарга республикалык бюджеттен 478,3 млн сом бөлүнүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу