Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
25/10 18:29
 

Инвестиция тартуу агенттигинин директору: “Кытайдын ири компаниялары энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыгууда”

 Инвестиция тартуу агенттигинин директору: “Кытайдын ири компаниялары энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыгууда”

Кыргызстандын Экономика министрлигине караштуу Инвестиция тартуу агенттигинин директору Алымбек Орозбеков өлкөнүн инвестициялык климаты жана андагы өзгөрүүлөр тууралуу “Кабар” агенттигине маек курду.

-Жакында сиз Сычуань провинциясында (Кытай) болуп, өлкөбүздүн соода-экономикалык жана туристтик потенциалы менен тааныштырдыңыз. Бул провинциянын кайсы тармактарынын ишкерлерин чакырдыңыз?

- Сычуань повинциясында энергетика тармагы, кайра иштетүү жана текстиль өнөр жайлары, IT – технологиясы жакшы өнүккөн. Бул тармактарда мыкты компаниялар бар. КР долбоорлоруна Сычуандын ири компанияларын тартабыз. Алардын биздин долбоорлор менен тааныштыгы бар, аларды жеке долбоорлорго тартуу үчүн да иш жүргүзөбүз. Атап айтканда, мамбуйрутмаларды жана маминвестиция долбоорлорун ишке ашыруудагы мамлекеттик эмес долбоорлорго гана эмес, жеке капиталы болгон чет элдик түз инвестиция долбоорлоруна тартабыз.

-Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушун эске алганда Кытай инвесторлору биздин кайсы тармактарга кызыгууда?

-Кытай учурда энергетикалык тармакка автивдүү киришүүдө. Ошондой эле азыр алар Кыргызстанда өндүрүштү жолго салууга кызыгышууда. Бизде бир нече долбоорлор бар, алардын бири – тиричилик радиаторлорун өндүрүү. Кытай ишкерлери радиаторлорду жасап чогултуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатуу үчүн да КРге инвестиция салууда. Биздин өлкөдө өндүрүштү жолго салууга алар кызыкдар. Кытайда кубаттуулуктун ашыкча болушу алардын өндүрүшчүлөрүнө көйгөй жаратышы бизде өндүрүштөрдү ачуу үчүн аларды тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Анын үстүнө 180 миллион калкы бар ЕАЭБда турабыз. Мурда КРдын чакан рыногунан улам чоң кампаниялар чоң өндүрүштү ачууга кызыгышпаса, эми кырдаал таптакыр өзгөрдү. ЕАЭБ кыргыз рыногунда көптөгөн компаниялардын пайда болушунда маанилүү фактор болуп калат.

-Жыл башында Кытайдын ашыкча ишканаларын Кыргызстанга алып келүү маселеси активдүү талкууланды эле, ал маселе кайсы стадияда турат?

-Бул боюнча иш план ченемдүү жүрүүдө. Мисалы, кыска мөөнөттө 40 ишкананы Кыргызстанга алып келиш оңой эмес. Бир топтор 40 кытай компаниялары менен кошо көптөгөн кытайлар Кыргызстанга көчүп келип алышат, дешип туура эмес ойлошот. Кыргызстанга келип өндүрүш ачкан компаниялар бизге өтө чоң пайда алып келишет. Бул кыска мөөнөттө эле ишке аша калбайт. Кытайдагы ашыкча ишканаларды биздин өлкөгө алып келүү- орто мөөнөттөгү келечекте ишке аша турган план ченемдүү иш.
Мында чоочулоонун кереги жок, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн алар КР рыногуна кандай кириши керектигин майда-чүйдөсүнө чейин макулдашуу керек.

-Быйыл Кыргызстанга канча суммада инвестиция түштү?

-Өткөн жылы инвестициялардын түшүшү рекорддук суммада - 1 млрд 573 млн АКШ долларында болду. Анын 486 млн Кытайдан келди. Сычуань провинциясына сапардын алкагында Дунфан компаниясынын вице-президенти менен Кыргызстанда энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну талкууладык. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн түз инвестицияларды тартуу жаатында Өкмөт максат кылган чакан ГЭСтердин тизмесин да бердик.

-Жогорку Нарын каскаддары ГЭСи менен Камбарата-1 ГЭСинин долбоорлоруна инвестиция тартуу боюнча иш кайсы стадияда турат?

- Премьер-министр тарабынан Өнөр жайы, энергетика жана кен казуу боюнча Мамкомитетке бул бардык ири ГЭСтерди экиге бөлүп кароого – өз күчүбүз менен курууга жана инвесторлорду тартып курууга бөлүүгө тапшырма берилген. Ошондуктан учурда Жогорку Нарын каскаддары ГЭСи менен Камбарата-1 ГЭСине инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул долбоорлорду ишке ашырууну каалагандар бар. Инвесторлорду издөө жаатында зор иштер аткарылууда. Каалоочулардын ичинен ылайыктуусун тандап алууда мындан ары да иштер жүрө берет. Жогорку Нарын каскаддары ГЭСи боюнча маселени Өнөр жайы, энергетика жана кен казуу боюнча Мамкомитет Россия тарап менен жөнгө салууда, анткени алардын чыгымын жабыш керек. Ал чыгым кандай болору учурда иликтенүүдө. Энергетика чөйрөсүндө ири долбоорлорду ишке ашырууга Кытай да кызыгууда.

Маектешкен Салтанат Абдраева

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу