Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
25/10 14:41
 

Жыл башынан бери 11 800 адамга 4,2 млрд сомдук жеңилдетилген насыялар берилди

 Жыл башынан бери 11 800 адамга 4,2 млрд сомдук жеңилдетилген насыялар берилди

Бишкек, 25-октябрь /Кабар/. Айыл чарбасын каржылоо багытындагы долбоорлорду субсидиялоого республикалык бюджеттен 617,2 млн сом каралган. 2016-жылдын 20-октябрына карата «Айыл чарбасын каржылоо-3» долбоорунун 2-траншын субсидиялоого каралган 133,6 млн сомдун 115,7 млн сому, ал эми «Айыл чарбасын каржылоо-4» долбоорунун 1-траншын субсидиялоого каралган 483,6 млн сомдун 404 млн сому которулду. Натыйжада, “Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктардын берген отчётторуна ылайык, 11 772 чарба жүргүзүүчү субъект 4 млрд 264 млн 771,9 миӊ сом өлчөмүндөгү жеӊилдетилген насыялык каражаттар менен камсыз кылынды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Мурда маалым болгондой, «Айыл чарбасын каржылоо-4» долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөндө көрсөтүлгөн 5 коммерциялык банк менен “Пайыздык ченди субсидиялоо жөнүндө” жалпы суммасы 4 млрд 920 млн сомго макулдашуу түзгөн:
1. «Айыл Банк» ААК – 2 млрд сом;
2. «РСК Банк» ААК – 2 млрд сом;
3. «КИКБ» ЖАК – 600 млн сом;
4. «Кыргызстан» КБ ААК – 200 млн сом;
5. «Бакай Банк» ААК – 120 млн сом.

Эске сала кетсек, республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2011-жылдан бери айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп келе жатат. 2011-жылдан бери 63 135 чарба жүргүзүүчү субъект жалпысынан 17 802,9 млн сом өлчөмүндөгү жеӊилдетилген насыялар менен камсыз кылынган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу