Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/10 17:44
 

9 айда республикалык бюджеттин кирешеси 87,7 млрд сомду түздү

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2016-жылдын январь-сентябрында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине ресурстардын түшүүсү (атайын каражаттарды жана МИПти кошпогондо) 87 млрд 711,6 млн сомду же планга карата 104,4 пайызды (84 млрд 14,2 млн сом) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

2015-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда ресурстардын түшүүсү 10,4 пайызга көбөйүп, акчалай туюнтканда 8 млрд 248,7 млн сомду түздү.

Түшкөн ресурстардын курамында басымдуураак салыштырма салмакты:
- Мамлекеттик салык кызматынан түшүүлөр (41,6%),
- Мамлекеттик бажы кызматынан түшүүлөр (24,2%),
- МКВдан түшкөн кирешелер (14,4%),
- Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшүүлөр (4,2%) ээледи.

2016-жылдын январь-сентябрында республикалык бюджетке түшкөн кирешелер (атайын каражаттарды кошпогондо) 72 млрд 378,3 млн сомду түздү же пландын 99,9 пайызын түздү. 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин көрсөткүчтөрү акчалай туюнтканда 580,8 млн сомго көбөйдү.

Салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 57 млрд 740,9 млн сомду түздү же пландын аткарылышы 59 млрд 856,1 млн сом суммасындагы болжолдун 96,5 пайызын түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин көрсөткүчтөрү акчалай туюнтканда 7 млрд 903,6 млн сомго көбөйдү. Кирешелердин көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшү (атайын каражаттарды кошпогондо) 79,8 пайызды түздү.
Мамлекеттик салык кызматы боюнча түшүү 36 млрд 491,5 млн сомду түздү же план 94,9 пайызга аткарылды.
Мамлекеттик бажы кызматы боюнча түшүү 21 млрд 249,4 млн сомду түздү же план 99,2 пайызга аткарылды.

Республикалык бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү 16 млрд 933,4 млн сомду түздү же план 105,2 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын деңгээлине карата салыктык эмес кирешелер 7 млрд 146,5 млн сомго азайды.
Салыктык эмес түшүүлөрдүн түзүмүндө көбүрөөк көлөмдү бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары(7 млрд 848 млн сом) ээледи. 7 млрд 468,4 млн сом суммасындагы план 105,1 пайызга аткарылды.

План боюнча ишканалар жана уюмдар мурда берилген ссудалар жана насыялар (пайыздарын эсепке алганда) боюнча 2 млрд 252,1 млн сомду кайтарышы керек болсо, анын ордуна 3 млрд 718,8 млн сомду кайтарышты. Бул көрсөткүч планга карата 165,1 пайызды түздү.
Мамлекеттик казыналык векселдер боюнча кирешелер 12 млрд 617,4 млн сомду же болжолго карата 103,2 пайызды түздү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу