Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/10 15:51
 

Сооронбай Жээнбеков: “Балыкчы – Корумду” жолунун курулушундагы маселе бюджеттик каражаттарды туура эмес пландагандан улам чыкты”

Сооронбай Жээнбеков: “Балыкчы – Корумду” жолунун курулушундагы маселе бюджеттик каражаттарды туура эмес пландагандан улам чыкты”

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. «Балыкчы – Корумду» жолунун курулушундагы маселе бюджеттик каражаттарды туура эмес пландагандан улам келип чыкты»,-деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы долбоордун сметалык наркы 6 млрд 800млн сом турганын эскертти. Унаа жолдун курулушу каржылоо булагысыз башталган, аталган долбоор «Альфа Телеком» ЖАК акцияларынан түшкөн каражатка каржыланары пландалган.

«Тилекке каршы, мурда пландагандай «Альфа Телеком» ЖАК сатып алуучулар болгон жок, жыйынтыгында жумуш эки айга токтоп калды. Мен Премьер-министр катары өз ишимди дал ошол долбоорду иликтөөдөн баштадым. Ошол тапта кытай компаниясында жетишээрлик техника болгон эмес жана асфальт бетон заводу да орнотулган эмес. Ишти тездетүү үчүн биз каражат издей баштадык, ал учурда туристтик сезон жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну жакындап калган эле. Булардын баарын эске алуу менен, «Балыкчы – Корумду» жолунун айрым тилкелерин бүтүрүүгө туура келди. Биз аткаруучуларга курулуш иштерин көрсөтүлгөн мөөнөттө бүткөрүүсүнө катуу талап койдук. «Балыкчы-Корумду» жолунун курулушундагы маселе бюджеттик каражаттарды туура эмес пландагандан улам келип чыкты»,-деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен катар Өкмөт башчы жыл аягына чейин пландалган 80 мектептин бардыгы жаңы жылга чейин бүтө турганын баса белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу