Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/10 14:52
 

2017-жылы ЕАЭБдин талаптарына жооп берген жаңы лабораторияларды курууга жана ветеринардык диагностикалык борборлорду оңдоого 250 млн сом жумшалат

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. 2017-жылы “Капиталдык салымдар” беренесин каржылоого ички булактардан 2,9 млрд сом каралды. Анын ичинен кошумча 250 млн сом 4 жаңы лабораторияны курууга жана ЕАЭБдин талаптарына жооп берген ветеринардык диагностиканын аракеттеги 13 зоналык борборун оңдоого жумшалат.

Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйында билдирди.

Премьер-министр ошондой эле биринчи жолу райондордун борборлорунун автожолдорун ондоого республикалык бюджеттен 750 млн. сом каралганын маалымдады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында 2016-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, «Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү «Кыргыз Республикасынын 2016-жылдагы бюджети жана 2017-2018 жылдарга божомолу» жана « Кыргыз Республикасынын 2017-жылга карата бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу» тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу