Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/10 14:03
 

Сапарбек Асанов: “Кыргызстан бир жылда 80 млн кийим экспорттоду”

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. Кыргызстанда бир жылда 80 млн ар түрдүү кийим экспорттолду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Жеңил өнөр жай” ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жеңил өнөр жай экспорттун көлөмү боюнча 2-3-орунду ээлейт. “Орто эсеп менен алганда бир жылда 80 миңден ашык ар түрдүү кийимдерди экспорттодук. Тактап айтканда, өндүрүлгөн продукциянын 90%ы экспортко кетет”,-деди ал.
Анын айтымында, негизинен товарлар Орто Азия өлкөлөрүнө жана Россияга экспорттолот. “Өнөр жай зонасы курулгандан кийин товарларды батышка экспорттоону пландаштырып жатабыз”,-деди С.Асанов.

Ал ошондой эле, тармакта жабдыктар ар жылы алмашып жатат жана товардын сапаты жылдын жылга жакшырууда деп билдирди.
“Бизде бир гана көйгөй, ири буйрутмаларды алуу үчүн биз ирилешибиз керек. Бул үчүн өнөр жай зонасын курууга байланыштуу маселени чечүү зарыл. Мындай зонаны Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда куруу пландалууда”,-деди С.Асанов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу