Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
24/10 12:44
 

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен жеңил өнөр жайы төмөндөгөн жок

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кириши менен жеңил өнөр жайында төмөндөө байкалган жок. Бу тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Жеңил өнөр жайы” ассоцияциясынын презденти Сапарбек Асанов билдирди.

Анын айтымында, акыркы убактарда ЖМКларда Кыргызстандын жеңил өнөр жайы 10-15 эсе түшүп кеткендигин маалымдашууда.
“Биз бул маалыматты четке кагабыз, жумуш процесси мурдагыдай жүрүүдө. Ишканалар жабылган жок. Бул тармакта Улууттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 10 миң адам иштөөдө, продукциянын 90% ашыгы Борбордук Азия өлкөлөрүнө, Россияга экспортко кетүүдө”-деди С.Асанов.

Бирок, ал айткандай, жеңил өнөр жайы кыйынчылыктардан дагы сырткары эмес. Кесипкөй кадрлар жана өндүрүш жайлары жетишпейт. Ошондой эле ал жакында Бишкекте, Ошто, Чүйдө кошумча 20 миң жумушчу оруну түзүлө турган бир нече өндүрүш зоналары курулаарын маалымдады. Сөзүнүн аягында Россияда 2020-жылы стихиялык соодага жол берилбей турган мампрограмма кабыл алынганын белгиледи.

“Учурда биздин буюмдар 54 ашык рыноктордо сатылууда. Биз мындан да жогорку деңгээлге чыгышыбыз керек. Бул үчүн өшдүрүш менен кесипкөй кадрлар шайкеш келиши ийги”,-деп айтты С.Асанов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу