Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
24/10 11:16
 

Сооронбай Жээнбеков: Октябрь айына карата негизги натыйжа экономикалык өсүштө оң тенденциянын орун алганы болду

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. “Октябрь айына карата негизги натыйжа экономикалык өсүштө оң тенденциянын орун алганы болду. 2016-жылдын август айынын башына чейин экономикалык өсүштө терс динамика гана болуп келген. Ушул экономикалык өсүштү жана макроэкономикалык туруктуулук тенденциясын сактап калуу үчүн Өкмөт экономиканын бардык секторлорундагы максаттуу көрсөткүчтөрдү камсыз кылууга, каатчылыкка каршы чаралардын пакетин сапаттуу ишке ашырууга жана иштиктүү активдүүлүккө дем берүүгө багытталган чараларды көрүп жатат”, - деди Кыргыз Республикаснын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасына ылайык, дүйнөдөгү жана ЕАЭС мейкиндигиндеги экономикалык өсүштүн темпинин басаңдоо мезгилиндеги негизги милдет социалдык-экономикалык жагдайды турукташтыруу жана экономикалык өсүшкө дем берүү болуп саналат”, - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр маалымдагандай, 9 айдын ичинде ички дүң продукциянын көлөмүнүн жалпы суммасы 310,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 102% болду, ал эми “Кумтөр” кенин кошпогондогу реалдуу өсүш 103,1%ды түздү.

2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы төмөнкүдөй болду:
- республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 80,2 млрд сомду түздү, же план 100,4%га аткарылды;
- салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 57,7 млрд сомду, же пландын 96,5%ын түздү;
- салыктык эмес түшүүлөр 16,9 млрд сомду түздү, же пландын 105,2 %ын түздү.

Республикалык бюджеттин аткарылышынын чыгашалар бөлүгү 94 млрд сом суммасында аткарылды, же 92,3%ды түздү.
2016-жылдын 9 айынын ичинде республикалык бюджеттин чыгашалары корголгон беренелер боюнча 60,4 млрд сомго каржыланган (же 97,4%ды түздү).

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу