Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/10 15:33
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды

Бишкек, 22-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегия төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы Евразиялык интеграциясына дем берүү жана тереңдетүү маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдө ички тоскоолдуктарсыз жана чектөөлөрсүз жалпы рынокту түзүүнүн маанилүүлүгүн билдирип, интеграциялык биримдиктин туруктуулугуна тышкы факторлордун анын ичинде дүйнөлүк каржылык базардын туруксуздугу сезилээрлик таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле,  фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл боюнча маселени биргеликте алдыга жылдыруунун зарылдыгын айтты.
Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегия төрагасы Тигран Саркисян белгилегендей, бул комиссиянын иши ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн потенциялдуу тобокелчиликтерди табуу жана алдын алууга багытталган.

Анын айтымында, учурдагы кыйынчылыктарга карабастан, үчүнчү өлкөлөр менен эркин экономикалык мейкиндик тууралуу келишимдерди түзүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.

Жыйынга мындан тышкары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов катышты.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу