Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
21/10 14:24
 

Баткенде Жерүй кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен 17 мектеп курулуп жатат

Бишкек, 21-октябрь /Кабар/. Бул тууралуу Бактен облусунун 2016-жылдын 9 ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жылдын аягына негизги милдеттер боюнча облустук коллегиянын жүрүшүндө айтыганын Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Коллегияга ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев, район, шаар башчылары жана облусттук, райондук, шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө облустун социалдык-экономикалык абалы жөнүндө сөз болду.

“Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай, жарандык курулуш департаментинин Баткен облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2016-жылга капиталдык салымдар беренеси боюнча Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу 17 социалдык обьект жана Джеруй кенин иштетүүдөгү лицензия сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен 17 долбоор тейленип иш алып барылууда”,-деп айтылат билдирүүдө.

2016-жылга жактырылып бекитилген Титулдук тизме боюнча отчеттук январь-сентябрь айларында Республикалык бюджеттин эсебинен 102,2 млн сом акча каражаты курулуш иштерине сарпталып, жыл ичи бөлүнүүчү акча каражатынын 87,9 пайызы бөлүнүп, подряддык ишканалар тарабынан жалпы 130,2 млн сомго курулуш иштери аткарылды.

Ал эми Жерүйдүн эсебинен каржылануучу 501,3 млн сомдон учурда 17 мектептердин курулушуна 307,1 млн сом каржыланды же жыл ичинде бөлүнүүчү акча каражатынын 61,3 % бөлүнүп берилди, аткарылган подряддык курулуш иштердин көлөмү 308,3 млн сомду түздү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу