Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
21/10 13:18
 

Сентябрь айында “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 392, 5 млн сом чогултулду

Бишкек, 21-октябрь /Кабар/. Быйылкы жылдын сентябрь айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 292,3 млн кВт.саат электр энергиясы келип түштү. “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 361,4 млн сомду түзүп, анын 392,5 млн сому же 108,6 % чогултулган. Бул тууралуу “Түндүк электр” компаниясы билдирди.

Бул айдагы көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу
калк арасында – 107,3 %
өндүрүштүк объектилерден- 107 %
бюджеттик уюмдардан – 110,9 %
айыл чарба объектилеринен – 114,9 %
жана башка керектөөчүлөрдөн – 110 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан сентябрь айындагы төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:
борбор калаабызда төлөм чогултуу 111,6 %
Чүй облусунда – 102,8 %
Талас облусунда – 127,6 %

Сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 7,88 % түздү.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу