Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
20/10 17:49
 

Экономика министри: “Кыргызстан - дүйнөнүн 60 өлкөсүнө визасыз режим киргизген Борбор Азиядагы жалгыз өлкө”

 Экономика министри: “Кыргызстан - дүйнөнүн 60 өлкөсүнө визасыз режим киргизген Борбор Азиядагы жалгыз өлкө”

Бишкек, 20-октябрь /Кабар/. Кыргызстан - дүйнөнүн 60 өлкөсүнө визасыз режим киргизген Борбор Азиядагы жалгыз өлкө. Бул тууралуу “Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги” аталышындагы тегерек столдо Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, бул жаатта республика алдыга кетти жана бул өлкөлөргө визасыз режим киргизүү стратегиялык туура кадам болуп саналат. “Мен Шанхай кызматташтык уюмуна кирген айрым өлкөлөрдөн туристтердин тобун уюштуруу үчүн визасыз режимге келебиз деп ойлойм жана жаңы өлкөлөргө Кыргызстандын кооздугун акырындап ача беребиз”,-деди ал.

Ошондой эле, ал туризм мультипликативдик натыйжа жана кошумча жогорку баанын эсебинен Кыргызстандын экономикасынын өсүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп калары талашсыз деп белгиледи. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк деңгээлде өткөрүү мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун бирдиктүү күчү менен бийик жетишкендиктерге жетүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет”,-деди министр.

Мындан тышкары, Экономика министри коопсуздук, логистика, инфраструктура жана башка маселелерге дагы көңүл бурду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу