Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
20/10 11:33
 

КРнын Германиядагы элчиси мурдагы герман дипломаттарынын Коомунун мүчөлөрүнө Кыргызстан тууралуу айтып берди

Бишкек, 20-октябрь /Кабар/. КРнын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев жакында мурдагы герман дипломаттарынын Коомунун мүчөлөрүнө доклад окуду жана КРдагы актуалдуу окуялар тууралуу айтып берди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эринес Оторбаев докладында Кыргызстандын тышкы саясый негизги багыттарын белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Жолугушууда Кыргызстан тууралуу кызыктуу дискуссия жүрдү. Герман дипломаттары саясий, экономикалык жана регионалдык маселелер жаатында өз пикирлерин билдиришти жана элчиден кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Белгилей кетсек, катышуучулардын ичинде иш боюнча же турист катары Кыргызстанга келгендер бар болуп чыкты. Меймандарга элчилик тарабынан өлкөбүздүн туристтик потенциалын чагылдырган фильм көрсөтүлдү.

Аталган иш-чара герман жергесинде Кыргызстандын маданиятын, тарыхын тараткан кезектеги жакшы окуя болуп калды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу