Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/10 10:54
 

Кыргызстан жана Кытай кызматташтыгы Форумунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Бишкек, 20-октябрь /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, «Жибек жолундагы биргелешкен кызматташуунун жаңы модели жана көп тармактуу кызматташуу үчүн жаңы платформаларды ачуу» аталышындагы IV кызматтуу форумунун алкагында Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда төмөнкү документтерге кол коюлду:

- КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Өкүлчүлүгү жана КЭР Сычуань провинциясынын Эл Өкүлчүлүгүнүн ортосунда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө боюнча Меморандум;

- Кыргызстан менен Кытайдын соода өнөр жай палаталарынын ортосунда достук мамилени бекемдөө боюнча макулдашуу;

- Ош технологиялык университети менен Сычуань университетинин ортосунда жана Түштүк-Батыш мунайзат университети менен академиялык тажрыйба алмашуу боюнча макулдашуу;

КЭР Сычуань провинциясынын Ченду шаарында 19-октябрда өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев катышты.

«Борбор Азия жана Кытайдын кызматташуу форуму глобализация шартында өзгөчө актуалдуу аянтча болуп саналат. Биз бардыгыбыз КЭР Төрагасы Си Цзиньпин демилгечи болгон Жибек жолундагы экономикалык тилке долбоорунун ишке ашырылышына күбө болуп жатабыз.Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусу, кылымдар бою чыгыш менен батышты экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий жактан байланыштырып келген жана Кыргызстан жана Кытай өлкөлөрдүн бардык аймактары үчүн чоң мааниге ээ. Бүгүнкү өтүп жаткан иш чара заманбап процесстердин ааламдашуу шартында түрдүү континенттерде окуялар аймактык маселелерге гана эмес бүткүл дүйнөдө өзгөрүүгө таасир этип жаткан чакта өзгөчө актуалдуу», – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, Кыргызстан ШКУ алкагында транспорт тармагын, аймактык коридорлордун инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө маани берет.

«Кыргызстан бардык ишке ашып жаткан жана жаңы логистикалык каттамдарды жана жолдорду өнүктүрүүнү колдойт. Бул жагдайдан алганда, өлкө аймактары үчүн жаңы темир жолдорун куруу, транспорт тармагын биргеликте өнүктүрүү соода мамилелерин активдештирүүгө, жаратылыш кендерин өздөштүрүүгө анын жыйынтыгында Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө жана Кытайдын экономикалык деңгээли жогорулайт», – деп сөзүн жыйынтыктады биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу