Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
19/10 14:40
 

Бишкек шаарында жогорку жана ортонку чыңалуудагы үч жогорку вольттогу көмөкчордондор курулат

Бишкек, 19-октябрь /Кабар/. Кечээ, 18-октябрда “Түндүк электр” ААКда үч жогорку вольттогу көмөкчордондорду курууга жүргүзүлгөн тендердин жеңичүүсү- PESTECH&SPECO малайзиялык-кытайлык консорциум менен контрактка кол коюлду (тендер документтерин 40 ашуун компания сатып алган, анын көпчүлүгү чет өлкөлүк компаниялар түзгөн. Жалпысынан 10 компания тендер табыштамасын берген). Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө PESTECH&SPECO консорциумун атынан PESTECH аткаруучу директору Лим Ах Хок, PESTECH башкы директорунун орун басары Дэзмонд Лим Пэй Чин, ошондой эле SPECO вице-президенти Ху Тао келишти. Кыргыз Республикасындагы электр энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана эсеп берүүнү жакшыртуу боюнча инвестициялык долбоорго ылайык жогорку жана ортонку чыңалуудагы үч жогорку вольттогу көмөкчордондордун курулушуна Бишкек шаары каралган.
Бүгүн “Түндүк электр” ААКнын башкы директору Аскар Эшимбеков жана PESTECH башкы директорунун орун басары Дэзмонд Лим Пэй Чин ортосундагы кол коюлган контрактка ылайык көмөкчордондорду куруу иштери 2017-жылдын аягында соңуна чыгат. Жалпысынан бул максатка 8,5 млн. АКШ долл. керектелет.

Жогорку вольттогу «Орто-Сай» жана «Спорт» 35/6-10 киловольт (кВ) чыңалуусундагы көмөкчордондору Орто-Сай базары тарапта (3 кичирайон) жана Исанов/Чүй көчөлөрүнүн участогунда курулмакчы. Ал эми үчүнчү 110/35/6 (10) кВ чыңалуусундагы жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордонунун курулушуна Т.Айтматов/Салиева, Саратовская көчөлөрүнүн участогу каралган.
Баса белгилей кетчүү нерсе «Бишкек» көмөкчордонунун ишке киргизилиши менен 40 МВт чейинки жалпы кубаттуулукту түзгөн кайра киргизилип жаткан объектилер электр тармактарга кошула алат.

«Бишкек» көмөкчордонунун курулуш иштери бүткөндөн кийин жана аны эксплуатацияга киргизген соң “Түндүк электр” бөлүштүрүү компаниясы бара-бара 6 кВ чыңалуудагы тармактарды 10кВ которууну мерчемдөөдө. Бошогон 35 кВ күч трансформаторду борбордун бөлуштүрүү тармактарынын мындан аркы өнүгүүсүнө колдонууну божомолдоодо (жаңы конуштар, кичирайондор)

МААЛЫМКАТ: Кыргыз Республикасындагы электр камсыздоонун эсеп берүүсүн жакшыртуу жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоорго Дүйнөлүк банк тараптан 25 млн.АКШ доллары бөлүнгөн, анын ичинен 13, 75 млн. АКШ доллары жогорку жеңилдетүүдөгү кредит катары берилсе, 11,25 млн. АКШ доллары – кайтарымсыз грант катары каралган. Электр камсыздоонун эсеп берүүсүн жакшыртуу жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордун максаты (Electricity Supply Accountability and Reliability Improvement Project/ESARIP) “Түндүк электр” ААК тейлеген Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында электр камсыздоосунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле акционердик коомдун ишмердүүлүгүн башкаруу операциясын мыктылоо болуп саналат. Долбоор 2016-2019- ж.ж. “Түндүк электр” ААк тарабынан ишке ашырылат.

Электр энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана эсеп берүүнү жакшыртуу боюнча инвестициялык долбоор “Түндүк электр” ААК ишке ашырып жаткан KfW Германия өнүгүү банкынын каржылоосундагы “Электр бөлүштүрүү тармактардын эфективдүүлүгүн жогорулатуу” жана “Бишкек шаарынын жеке тармактарын чыңдоо” инвестдолбоорлордун табигый уландысы болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу