Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/10 12:21
 

Кыргызстан менен Кытай кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол койду

Чэнду, 19-октябрь /Кабар/. «Жибек жолунун жаңы моделин бирдиктүү куруу көп тармактуу кызматташтык үчүн платформа ачуу” темасында Кытай жана Борбордук Азия кызматташтыгынын IV форумунун алкагында Кыргызстан менен Кытай кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол койду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:
- КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укук өкүлчүлүгү менен Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын элдик өкүлчүлүгүн ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты түзүү тууралуу меморундум;

- Кыргызстан менен кытайдын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда достук мамиле түзүү тууралуу келишим;

- КЭРдин Сычунь университети жана КРнын Ош технологиялык университети жана Түштүк-батыш мунай университеттеринин ортосунда академиялык алмашуу тууралуу келишим.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу