Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/10 11:20
 

Мухамметкалый Абулгазиев: “Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү менен Кытай үчүн жаңы рыноктор ачылды”

Чэнду, 19-октябрь /Кабар/. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен Кытай үчүн жаңы рыноктор ачылды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Бүткүл кытай саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Ма Пейхуа менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болуп саналат. “Биздин коңшубуз Кытай үчүн дагы жаңы рыноктор ачылды, анда анын кызыкчылыктарын Кыргызстан коргойт. Муну менен катар биз Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан менен Жибек жолу долбоорун ишке ашыруу идеясын иш жүзүнө ашырууну жигердүү колдойбуз”,-деди М.Абулгазиев.

Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Кыргызстан эл аралык майданда Кытайдын колдоолорун дайыма сезет жана Кытай Эл Республикасы менен мамилелерди жогору баалайт. “Мен биздин өлкөлөр ортосунда, жетекчилер арасында эч кандай саясий келиспештиктер жок экенин канааттануу менен айтып келет. Бул жолугушуулардын жыйынтыгы биздин эки тараптуу кызматташтыгыбызды өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Биз Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитин өткөрүүгө даярданып жатабыз. Биз эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда мамилелер эң эле конструктивдүү деп эсептейбиз”,-деди ал.

Ошондой эле, М.Абулгазиев Кыргызстан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун курууга чоң маани берет деп белгиледи. “Мен кытай жетекчилиги бул долбоорду ишке ашырууга бизге колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөм”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу