Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/10 16:09
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тигүү тармагындагы ишканалардын иши менен таанышты

Бишкек, 18-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөргө интеграциялашуу шартында аталган тармактын көйгөйлөрү менен таанышуу максатында, Бишкек шаарындагы тигүү тармагындагы өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Текстиль Транс» тигүү фабрикасы ачык акционердик коому негизинен байпак продукциясын чыгарууда адистешкен өндүрүш, Россия жана Казакстанга эскпортко чыгарат.

«Асан» тигүү фирмасы эркек кийимдерди чыгаруу менен алектенет, негизинен товарлар Казакстан жана Россияга экспорттолот. Тигүү фабрикасы 500 адамды жумуш менен камсыздап, өндүрүштүн көлөмү ай сайын 25 ден 30 млн. сомго чейин жетет.

Өкмөт башчы ата мекендик тигүү тармагындагы продукциялардын жогорку сапатын жана ага Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө өлкөлөрүнүн базарларында суроо-талап бар экендигин белгиледи. Мындан тышкары Премьер-министр жеңил өнөр жай тармагынын экономиканы өнүктүүүгө, тигүү тармагынын кошкон салымына канааттангандыгын билдирип, жаңы жумушчу орундар менен камсыз кылып, көпчүлүк кыргызстандыктарга өз мекенинде иштөөгө мүмкүнчүлүк ачып жатканын белгиледи. Аталган ишкана жетекчилеринин маалыматына караганда айлык акы жалпысынан 15миңден 100 миң сомго чейин түзөт.

Сооронбай Жээнбеков өндүрүш көлөмүн көтөрүү менен экспорттук потенциалды жогорулатуу жана рыноктук атаандаштыкка текстиль жана тигүү өндүрүш ишканаларынын туруштук берүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал ошондой эле ата мекендик тигүүчүлөрдү Кыргызстандын ЕАЭБ мүчөлүгүндөгү артыкчылыктарын максималдуу колдонууга чакырып, сырткы рынокто «Кыргызстанда жасалган» брендин бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жакын арада анын жетекчили астында бул тармактагы маселелер оперативдүү чечүү үчүн жумушчу жыйын өтөрүн айтуу менен, «Ата мекендик тигүүчүлөрдү колдоо жана жеңил өнөр жай тармагындагы ишканаларга максималдуу ыңгайлуу шарт түзүү – приоритеттүү багыттардан болуп калды», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу