Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/10 16:06
 

Каракол КМШ өлкөлөрүндөгү 10 популярдуу тоо лыжа эс алуу курортторунун тизмесине кирди

Бишкек, 18-октябрь /Кабар/. RoomGuru.ru отелдерди издөө сервиси Жаңы жылда эс алуу үчүн россиялыктарга популярдуу болгон КМШ жана жакынкы өлкөлөрүндөгү тоо лыжа эс алуу курортторун аныктады.

Рейтинг 2016-жылдын 30-декабрынан 2017-жылдын 8-январына чейинки эс алуу күндөрүндө отелдерди жана апартаменттерди брондоо маалыматы боюнча түзүлдү.

Россиялыктарга популярдуу болгон КМШ өлкөлөрүндөгү тоо лыжа эс алуу курортторуна Казакстан, Грузия, Беларуссия, Азербайжан, Армения, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандагы курорттор кирди.

Жаңы жылда эс алуу үчүн КМШ жана жакынкы өлкөлөрүндөгү 10 популярдуу тоо лыжа эс алуу курортторунун
тизмесине Чымбулак (Казакстан), Гудаури (Грузия), Логойск (Беларуссия), Шахдаг (Азербайжан), Цахкадзор (Армения), Бакуриани (Грузия), Буковель (Украина), Чимган (Өзбекстан), Каракол (Кыргызстан) жана Силичи (Беларуссия) кирди.

RoomGuru.ru отелдерди издөө сервисинин маалыматы боюнча Чимганда эс алуу эң арзанга, Чымбулакта эс алуу эң кымбатка турат.

КМШ өлкөлөрүндөгү 10 популярдуу тоо лыжа эс алуу курортторундагы баалар:

1. Чымбулак (Алматы, Казакстан), $78
2. Гудаури (Тбилиси, Грузия), $65
3. Логойск (Минск, Беларуссия), $52
4. Шахдаг (Баку, Азербайжан), $58
5. Цахкадзор (Ереван, Армения), $60
6. Бакуриани (Тбилиси, Грузия), $68
7. Буковель (Львов, Украина), $56
8. Чимган (Ташкент, Өзбекстан), $48
9. Каракол (Каракол, Кыргызстан), $50
10. Силичи (Минск, Беларуссия), $52

RoomGuru.ru (HotelsCombined) дүйнөдөгү мыкты отедерди издөөчү болуп эсептелет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу