Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/10 10:58
 

СУАРдын төрагасы Шоухрат Закир: “Кытай Кыргызстан менен бардык тармактарда мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар”

Үрүмчү, 18-октябрь /Кабар/. Кытай Кыргызстан менен экономикалык планда гана эмес, билим берүү, маданият жана өнөр жайы тармагында да мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн СУАРдын төрагасы Шоухрат Закир КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан көп жылдардан бери Кытайдын жакын өнөктөшү.

“Дүйнөлүк кризистин фонунда Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү бираз төмөндөп кетти. Бирок биргелешкен аракеттер менен 2017-жылы эки тараптуу кызматташтыкта ири ийгиликтерге жетише аларыбызга ишенем. Кытай Кыргызстан менен экономикалык планда гана эмес, билим берүү, маданият жана өнөр жайы тармагында да мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар”,-деди Ш.Закир.

Облус башчысы ошондой эле, кыргыз ишкерлерин, бизнесмендерин жана туристерди Кытай ишерлери менен кызматташууга, ошондой эле эс алып кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары, Ш.Закир учурда дүйнөдө диний планда курч кырдаал байкалып жатканын белгиледи.
“ИГИЛ башында турган терроризм, экстремизм дүйнөгө тарап жатат. Бул көрүнүшкө биргелешип каршы туруу үчүн коопсуздукту камсыз кылуу багытында мамилебизди да бекемдейбиз деп ишенем”,-деп айтты губернатор.

Белгилей кетсек, КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жакында Кытай жана Борбордук Азия кызматташтыгынын 4-экономикалык форумуна катышуу үчүн Кытайга учуп келген. Форум Сычуань профинциясынын Ченду шаарында өтөт. Делегациянын курамында губернаторлор, министрлердин орун басарлары, бизнесмендер жана билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу