Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
17/10 18:45
 

Кыргызстан каражатты үнөмдөө максатында Standard & Poors рейтинг агенттигинин кызматынан баш тартты – Экономика министрлиги

 Кыргызстан каражатты үнөмдөө максатында Standard & Poors рейтинг агенттигинин кызматынан баш тартты – Экономика министрлиги

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. Кыргызстан каражатты үнөмдөө максатында Standard & Poors рейтинг агенттигинин кызматынан баш тартты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономика министрлигинин инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын башчысы Канат Абдрахманов билдирди.

Ал 2015-жылы жазында Кыргызстан Standard & Poors жана Moodys насыя агенттиктери менен эки келишимге кол койгон.
“Күзүндө биз рейтингди, ал эми декабрда биринчи жыйынтыктарды алдык. Натыйжада эки агенттик тең бирдей жыйынтыктарды бере турганына күбө болдук. Ошондуктан компаниялардын биринин кызматынан баш тартуу чечими кабыл алынды. Moodys компаниясынын кызматтары 40 миң доллар, ал эми баш тартып жаткан Standard & Poors компаниясынын кызматтары 30 миң долларга жетет”,-деди ал.

Мындан тышкары, К.Абдрахманов кредиттик рейтинг өлкөгө көз карандысыз бааны берет, аларга финансы институттары шилтеме келтирилет деп билдирди. “Ошондой эле, алар мамлекеттин жалпы экономикалык кырдаалына, башкача айтканда кайсыл багытта өнүгүп бара жатканына жана башкаларга көз салып турушат”,-деп кошумчалады Канат Абдрахманов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу