Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
17/10 12:06
 

Жапониядагы «Asian Food Show-2016» көргөзмөсүндө Кыргызстандын балы, кургатылган жемиштери жана жаңгагы көрсөтүлөт

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. Жапониядагы «Asian Food Show-2016» көргөзмөсүндө Кыргызстандын балы, кургатылган жемиштери жана жаңгагы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы ПРООНдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын 15-22-октябрында Финляндия өкмөтү каржылаган БУУнун Өнүгүү программасынын “Соодага көмөктөшүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында КР Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндө “бирдиктүү терезе” борбору” мамишканасы Жапонияда КРнын компанияларынын соода миссиясын өткөрөт.

Аталган миссиянын алкагында Асака шаарындагы «Asian Food Show – 2016» көзгөзмөсүнө Кыргызстандын компаниялары катышууда. Мындан тышкары Токио шааарында Жапониянын соода компаниялары менен ишкер жолугуушуулар болууда.

КРдын “Тышкы соода чөйрөсүндө “бирдиктүү терезе” борбору” мамишканасы тарабынан уюштурулган конкурстук танжоодон өткөн төмөнкү ишканалар: грек жаңгагын кайра иштеткен «Вега Плюс» ЖЧКсы, «Капчыгай Тоо Балы» бал аарычылардын кооперативи, кургатылган жемиштерди өндүргөн «Алыш-Дан» ЖЧКсы, өсүмдүк майларын чыгарган «Бишкек Экспо» ЖЧКсы жана “Нарын УЮК” бал аарычылар ассоциациясы Жапониянын аталган шаарларында өздөрүнүн азык-түлүктөрүн сунушташат.

Миссиянын жыйынтыгында кыргыз продукциясынын Жапонияга экспортунун көбөйүүсү күтүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу