13.10.2016, 09:52

Бишкекте кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот

 Бишкекте кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Бүгүн Бишкекте кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны болот. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтык боюнча эки тараптуу кыргыз-кытай өз ара аракеттеринин актуалдуу маселелери талкууланат.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев менен КЭРдин коммерция министринин орун басары Фан Айциндин жолугушуусу болот.