Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/10 16:21
 

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы экономикалык жана тышкы соода иштерине жооп беришкен министрлердин кеңешмеси болду

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы экономикалык жана тышкы соода иштерине жооп беришкен министрлердин кеңешмеси болду

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы экономикалык жана тышкы соода иштерине жооп беришкен министрлердин кеңешмеси болду.

Кеңешмеге Кыргызстандын Экономика министри Арзыбек Кожошев, Казакстандын Улуттук экономикасынын Эл аралык кызматташтык департаментинин директору Кайрат Торебаев, Кытайдын Коммерция министринин орун басары Айцин Фан, Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин евразия интеграциясын өнүктүрүү жана КМШ мамлекеттери менен экономикалык кызматташуу департаментинни директору

Илья Галкин, Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Хикматуллозода Нематулло, Өзбекстандын Тышкы экономикалык байланыш, инвестиция жана соода министринин орун басары Шавкат Туляганов катышты.

Жолугушуунун алкагында ШКУ мейкиндигинде көп тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары ШКУнун ишмердигинин 2015-2016-жылдардагы ишинин жыйынтыгы жана 2017-жылга артыкчылыктуу багыттары айтылды.
Кеңешменин жыйынтыгында жолугушуу протоколуна кол коюлду.

1 из 9

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу