Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/10 16:23
 

“Манас” эл аралык аэропорту 9 айда 2,3 млн жүргүнчүнү тейледи

“Манас” эл аралык аэропорту 9 айда 2,3 млн жүргүнчүнү тейледи

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту” ААК 2016-жылдын 9 айында 2 млн 233 миң 248 адамды тейледи. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Ички аба каттамы боюнча жүргүнчүлөрдүн агымы – 699 миң 387 адамды, эл аралык каттам боюнча – 1 млн 533 миң 861 ди түзгөн. Ушул аралыкта 20 миң 548 каттам тейленди. Анын ичинен эл аралык багыт боюнча – 14 миң 173, ички багыт боюнча каттамдардын саны 6 миң 375 ти түздү.

Өзүнчө ала турган болсок, анда “Манас” аэропортунун Бишкек филиалы 13 миң 658 каттамды тейлеп, жүргүнчүлөр 1 млн 344 миң 539 адамды түзгөн.

“Манас” аэропортунун Ош филиалы 6 миң 666 каттамды тейлеп, жүргүнчүлөрдүн агымы 879 миң 518 адам болгон.

Ал эми Каракол филиалы 224 каттамды тейлеген, жүргүнчүлөрдүн саны 9 миң 192 адам.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу