Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/10 14:34
 

Айбек Калиев: “Кийинки жылы Токтогул ГЭСин реконструкциялоо башталат”

Айбек Калиев: “Кийинки жылы Токтогул ГЭСин реконструкциялоо башталат”

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. Кийинки жылы Токтогул ГЭСин реконструкциялоо башталат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, кабелдик продукцияларды, трансформаторлорду сатып алууга тендер өткөрүлгөн. “Кийинки жылдын башында биз жеткирүүлөрдү күтүп жатабыз. Жылуулук сезону бүткөндөн кийин кыргыз энергетикасынын флагманы болгон – Токтогул ГЭСин реконструкциялоо башталат. Ошентип, эгер план боюнча Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланып, Камбар-Ата ГЭС-2ге 2-агрегат киргизилсе, анда биз 2020-жылга гидроэлектростанциялардын модернизацияланган тутумуна ээ болобуз. Мунун бары ЖЭБ жана ГЭСтерди модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоорлордун алкагында болот”,-деди ал.

Мындан тышкары, А.Калиев ишканалардын ресурстарын малыматтык башкаруу бирдиктүү тутумун жайылтуу үчүн каражат изделди деп билдирди.

“Жыл аягына чейин тендер жүргүзүп, кийинки жылдан баштап бул тутумду жайылтууну пландап жатабыз. Биринчи этабында ал бөлүштүрүү компаниялары үчүн, андан кийин башкалар үчүн иштей баштайт”,-деди А.Калиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу