Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/10 12:48
 

Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-2нин 2-агрегатын ишке киргизүү үчүн каражат тапты

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-2нин 2-агрегатын ишке киргизүү үчүн каражат тапты. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Евразия банкы фонду менен 110 млн долларга сүйлөшүлгөн макулдашуу жактырылды.
“Жыл аягына чейин бардык ички мамлекеттик процедуралар, парламенттин ратификациясы бүтүшү керек. Андан соң долбоордун дизайнын түзүп, техникалык иш-чараларды жүргүзүүнү баштайбыз”,-деди ал.

Мындан тышкары, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы бир нече компаниялар Жогорку-Нарын каскаддар ГЭСинин курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууну карап, меморандумду бекитүүнү пландап жатышат.

“Биз каржы шарттарын иликтөөдөбүз, андан кийин гана кайсы өлкө жана кайсы компания менен келишим түзүүнү карайбыз”,-деп кошумчалады Айбек Калиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу