Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/10 12:40
 

Күзгү-кышкы мезгилде электр энергиясын кезектеп өчүрүүлөр болбойт – Аскар Эшимбеков

Күзгү-кышкы мезгилде электр энергиясын кезектеп өчүрүүлөр болбойт – Аскар Эшимбеков

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. Күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде электр энергиясын кезек-кезеги менен өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Түндүкэлектр” ААКтын башкы директору Аскар Эшимов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2010-жылдан бери кезектеп өчүрүүлөр жок.

“Түндүкэлектр” компаниясы тарабынан чоң иштер жүргүзүлүүдө. 60-жылдардагы жабдыктар алмаштырылып жатат. Ошондой эле, 300 км га жакын кабелдик чубалгылар жаңыртылды. Бул жылы 31 транформатор орноттук. Эгер 2012-жылдан бери алсак, анда жалпысынан 281 кошумча электроподстанциялар курулду. Мындан тышкары, биз жаңычылдыктарды – изоляцияланган сымдарды колдонуп жатабыз, ал авариялык өчүү маселелерин чечет. Мен эч кандай кезектеп өчүрүүлөр болбойт деп ойлойм. Анткени, Токтогул суу сактагычындагы суу жетиштүү, бардык кызматтар ишке даяр. Азыр оңдоо иштерине күнүнө 8 бригада чыгып жаткан болсо, ал эми күзгү-кышкы сезондо “Түндүкэлектрден” Бишкек шаары боюнча 20 бригада, Чүй облусу боюнча 10 бригада иштей баштайт”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу