Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/10 12:16
 

2016-2017-жылы күзгү-кышкы жылытуу убагында электр энергия импорттолбойт – Айбек Калиев

 2016-2017-жылы күзгү-кышкы жылытуу убагында электр энергия импорттолбойт – Айбек Калиев

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. 2016-2017-жылдары күзгү-кышкы мезгилде электр энергиясы импорттолбойт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд 585 млн кубметрди түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 млрд кубметрге көп.

“Биз Токтогул суу сактагычындагы ишти баланстадык. Ошондуктан жылуулук сезонунда бизге өзүбүздүн ресурсубуз жетиштүү болот”,-деди ал.
Мындан тышкары, А.Калиев бул жылы Бишкек ЖЭБине көмүр импортоонун көлөмүн 700 миң тоннадан 500 миң тоннага кыскарттык деп белгиледи.

“Жалпысынан жылытуу сезонуна Бишкек ЖЭБине 950 миң тонна көмүр керектелет. ЖЭБдин сактагычы 350 миң тонна көмүргө ылайыкташкан. Бүгүнкү күнгө карата бизде 291 миң тонна көмүр бар. Жылытуу сезонун баштоого бул толугу менен жетиштүү. Мындан ары ЖЭБге күнүнө 7-8 миң тоннадан көмүр түшүп турат. Ошентип, күзгү-кышкы сезондо биз 950 миң тонна көмүр сарптайбыз”,-деди А.Калиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу