Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/10 10:40
 

КРдагы ири көмөк чордондордун 2016-2017-жылдары күз-кыш мезгилдерине даярдыгы текшерилди

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев башчылык кылган жумушчу топ 2016-жылдын 10-октябрында Бишкекти электр энергиясы менен жабдыган «Чыгыш», «Орок», «Киргизская», «Айни» жана «Кызыл-Аскер» ири көмөк чордондорунун күз-кыш мезгилдерине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынан билдирди.

Атап айтканда, “Орок”, “Айни” жана “Кыргызская” көмөк чордондорунда жабдыктарды алмаштыруу иштери, ал эми толук бойдон кайра жасалып жаткан “Чыгыш”, “Кызыл-Аскер” көмөк чордондорунун иш ыргагы текшерилди. Бул көмөк чордондордун үзгүлтүксүз иштеши менен Бишкек шаарына электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип турат.

Текшерүүдө компаниялардын оңдоо иштери график боюнча жүрүп жаткандыгы, бардык көмөк чордондор 2016-2017-жылдары күзгү-кышкы мезгилдерде үзгүлтүксүз иштөөгө даяр болоору белгиленди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу