Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/10 10:18
 

Кыргызстан менен Катар Бишкек жана Доханын ортосунда түз авиакаттам ачууну пландап жатат

 Кыргызстан менен Катар Бишкек жана Доханын ортосунда түз авиакаттам ачууну пландап жатат

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев кечээ Доха шаарында “Катар Эйрвейс” авиакомпаниясынын улук вице-президенти Али Аль-Раис менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө авиациялык каттам чөйрөсүндө Кыргызстан менен Катардын ортосунда кызматташтык маселеси талкууланды. Атап айтканда, Н.Ниязалиев кыргыз-катар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий мамилелерди жана өз ара туристтик алмашууларды тереңдетүү үчүн Бишкек менен Доханын ортосунда түз аба каттамын ачуунун маанилүүлүгүн айтты.

Ушуга байланыштуу ал Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, “Манас” эл аралык аэропортунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки борбордун ортосунда түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулоону улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу