Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
10/10 15:19
 

Сентябрда бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 11,1 млрд сомду түздү

Бишкек, 10-октябрь /Кабар/. 2016-жылдын сентябрь айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 11 млрд 176 млн 003,3 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 1 млрд 844 млн 522,1 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 1 млрд 496 млн 338,7 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча 527 млн 202,6 миң сом бөлүндү.

«Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгашалар 1 млрд 448 млн 719 миң сомду түздү. Калган каражаттар башка корголгон жана корголбогон чыгашалар беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды.

Маалымат үчүн: Ведомстволук классификация бюджеттик ресурстардын администратору, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү, алуучулары) болуп саналган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бюджеттик мекемелердин классификациясын камтыйт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу