Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
10/10 15:01
 

Сапар Исаков: “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 30,5 млн доллар сарпталды”

Сапар Исаков: “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 30,5 млн доллар сарпталды”

Бишкек, 10-октябрь /Кабар/. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 30 млн 507 миң 623 АКШ доллары сарпталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүүгө демөөрчүлөрдөн түшкөн каражат 3 млн 382 миң 757 АКШ доллар, ал эми республикалык бюджеттен кеткен чыгым 27 млн 124 миң 867 долларды түздү. “Биздин өлкөнүн тарыхында мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. 25 жыл аралыгында эч качан мындай демөөрчүлүк каражат бөлүнгөн эмес”,-деди ал.

Ошондой эле, чиновник 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өттү деп белгиледи. “Биздин алдыбызга коюлган тапшырмалар өз максатына жетти. Бүгүн Кыргызстан инвесторлор үчүн өтө жагымдуу жаңы өлкө катары таанылууда. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин өлкөгө идеологиялык база алып келди жана биз бул долбоор өлкөнү өнүктүрүүгө чоң түрткү болот деп шенебиз”,-деп белгиледи Сапар Исаков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу