Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
07/10 12:52
 

Атайын мамлекеттик номерлерди сатуудан түшкөн акчалар социалдык тармактын чыгашаларын каржылоого жумшалат

Бишкек, 7-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы атайын комбинациядагы цифралары бар мамлекеттик номерлерди сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке которуу боюнча демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын эсебине которулган акча каражаттары келип түшкөн факт боюнча республикалык бюджеттин артыкчылык чыгымдарына, тактап айтканда социалдык тармактын чыгымдарын каржылоого багытталат.

КР Мамлекеттик каттоо кызматы мындан ары дагы атайын мамлекеттик номерлерди сатуу жөрөлгөсүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында улантаарын белгилейт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу