Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
07/10 09:43
 

2016-жылдын 9 айында бюджеттик ссудалар жана насыялар боюнча 3,1 млрд сом карыз кайтарылды

Бишкек, 7-октябрь Кабар/. 2016-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында республикабыздын чарба жүргүзүүчү субъекттеринен бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча 3 млрд 134,21 млн сом суммасында зайымдык каражаттар кайтарылды, анын ичинен:
- негизги карыз – 2 млрд 317,88 млн сом;
- пайыздар жана айып пулдар – 816,33 млн сом.

Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарын кайтаруудан түшүүлөрдүн 2016-жылга божомолу 3 млрд. 713,66 млн. сомду түзөт, анын ичинен:
- негизги карыз – 2 млрд 851,11 млн сом;
- пайыздар жана айып пулдар – 862,55 млн сом.

Болжолдуу көрсөткүчтөр валюталардын курстарынан, калкыма чендердин өлчөмүнөн, инфляциянын деңгээлинен түздөн-түз көз каранды жана Карыздык милдеттенмелердин графиктерине ылайык карыздарды кайтаруунун күтүлүп жаткан көлөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталды. Ошону менен бирге, республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайра түзүмдөштүрүү (кайтаруу мөөнөттөрүн узартуу, пайыздык ченди өзгөртүү, эсептен чыгарып таштоо) тууралуу чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган учурда, жаңы кыска мөөнөттүү бюджеттик ссудалар берилген учурда же зайымчылар тарабынан карыздар мөөнөтүнөн мурда тындырылган учурда карыздарды тындыруунун болжолдуу көрсөткүчтөрү өзгөрүшү мүмкүн.


 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу