Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
06/10 13:35
 

Болсунбек Казаков: “Кыргызстан Казакстандан интернетке мурдагы тарифтерди сактап калууга жетишти”

Болсунбек Казаков: “Кыргызстан Казакстандан интернетке мурдагы тарифтерди сактап калууга жетишти”

Бишкек, 6-октябрь /Кабар/. Кыргызстан Казакстандан интернетке мурдагы тарифтерди сактап калууга жетишти. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков билдирди.
Ал мындай чечим Алматыда өткөн эки өлкөнүн тармактык органдарынын ортосунда жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды деп белгиледи.

“Тарифтерди кымбаттатууну казак тарап ар кандай түшүндүрүшүүдө. Бири ири капиталдык салым болгонун айтса, дагы бири башка себептерин айтат. Атап айтканда, башка компаниялар кеңейтиле баштагандыгына байланыштуу жаңы жабдыктарды сатып алуу, линияларды куруу жана башка. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биз өз ара түшүнүшүүгө келдик. Ошондуктан, баалар туруктуу бойдон каларына кепилдик бар. Келечекте, тарифтер интернетти импорттоонун өсүшүнүн эсебинен бааларды арзандатуу боюнча гана алмашат”,-деди ал.

Мындан тышкары, Б.Казаков бүгүнкү күндө интернетке баалар 1 мегабитине 10 дон 15 долларга чейинки сумманы түзөт деп кошумчалады. “Тарифтерди кымбаттаткан учурда биз 1 мегабитине 30 доллардан 50 долларга чейин төлөп жатканбыз”,-деди ал.

Журналиттердин эмне үчүн Россиядан 2 доллардан сатып алгандыгына карабай Казакстанда интернеттин баасы кымбат деген суроосуна Б.Казаков бул рынок жөнгө салынбайт, анткени келишим жеке компаниялардын ортосунда түзүлөт деп жооп берди. “Мисалы, Тажикстанда 1 мегабит интернет 65 доллар турат. Ар бир өлкөдө ар кандай”,-деп кошумчалады Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу