Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/10 15:06
 

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюлду

Бишкек, 5-октябрь /Кабар/. Кыргыз-япон форумунун алкагында Бишкекте эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Экономика министрилигин басма-сөз кызматы билдирди.


КР Экономика министри Арзыбек Кожошев белгилегендей, кол коюлган Меморандум Кыргызстандын инфраструктурасы өнүктүрүүдөгү эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын арттырууну кеңейтет. Атап айтканда, инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, Япон Өкмөтүнүн “Сапаттуу инфраструктура үчүн өнөктөштүк: Азиянын келечегине инвестиция салуу” концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында япониянын компанияларын, технологиясын тартуу.


Ушул программага ылайкы Япониянын Өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте кийинки 5 жылдыкта Азия инфрастуртуралык долбооруна 200 млн АКШ долларын бөлмөкчү.


Бүгүнкү форумга Panasonic Corporation, Mitsubishi Corporation, Nippon Steel өңдүү 17 ири япон компаниялары катышууда. Япон делегациясын Япониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм Виц-министри Хирофуми Ханаока жетектеп келди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу