Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
04/10 12:52
 

Кыргызстанда жыл аягына чейин 2 ветеринардык лабораторияларда оңдоо иштери бүтөт

Бишкек, 4-октябрь /Кабар/. Кыргызстанда жыл аягына чейин 2 ветеринардык лабораторияларда оңдоо иштери бүтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда болгону советтик системадагы 28 лаборатория гана бар.

“Алардын баарын оңдоп, ишке киргизүү мүмкүн болбогондуктан, аларды оптимизациялоо жаатында иш жүргүзүүдөбүз. 28 лабораториянын 19ун гана калтыруу чечими кабыл алынган. Тактап айтканда, алар оңдолуп, жабдылып, ишке киргизилет. Учурда Бишкектеги жана Оштогу 2 лабораторияда толугу менен оңдоо иштери жүрүүдө. Аларды жабдып жана оңдоо үчүн мамлекеттен 27 млн сом бөлүнгөн. Экөө тең быйыл декабрга чейин ишке киргизилет. Бул лабораториялар бардык эл аралык талаптарга жооп берип, аккредитациядан өтөт”,-деди К.Жумаканов.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору билдиргендей, бул эки лаборатория Кыргызстанды жабдый албайт.

“Кабыл алынган план боюнча 2017-жылы Баткен, Балыкчы, Каракол жана Таласта 4 лаборатория оңдолуп, ишке киргизилет. Ошентип, бара-бара калган лабораториялар оңдолуп, бул жааттагы көйгөй толугу менен чечилет”,-деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин алкагында техникалык жардам катары Россия тарабынан 1 млн 246 миң доллар бөлүнгөн.
“Бул каражаттар лабораторияларды жабдуу жана персоналдарды окутууга жумшалат”,-деп айтты Э.Чодуев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу