Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
04/10 11:01
 

Бишкекте «Doing business globally» аталышындагы бизнес форум өтүп жатат

Бишкекте «Doing business globally» аталышындагы бизнес форум өтүп жатат

Бишкек, 4-октябрь /Кабар/. Бишкекте «Doing business globally» аталышындагы ишкердик жана дүйнөлүк рынокто ата мекендик ишканалардын бизнесин өнүктүрүү жана экспорт маселелерине арналган бизнес форум өтүп жатат.

Иш-чара КРдагы Америка соода палатасы «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси» долбоору жана КР Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияны өнүктүрүү боюнча агенттиги менен биргеликте өткөрүп жатат.

Америка соода палатасынын директору Зарина Чекирбаеванын айтымында, аталган форум КР рыногуна шарт түзүп берип жаткан ата-мекендик өндүрүш ишканалары үчүн жаңы рынокту өздөштүрүүдөгү кыйынчылыктар менен таанышууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мыкты бизнес-платформа боло алат.

“Жыйындын жүрүшүндө АКШ жана Түркия менен болгон соода-сатык маселелерине өзгөчө басым жасалат, ошондой эле КРнын Европа биримдигинин ВСП+ статусун алгандан кийинки мүмкүнчүлүктөрү каралат”,-деди З.Чекирбаева.

Ошондой эле, бизнес форумдун жүрүшүндө ар бир секцияда Түркия, Кытай, АКШ жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттоо маселесине байланыштуу суроолор менен жергиликтүү жана эл аралык эксперттер сүйлөшөт. Бул форумга белгилүү белорусь бизнесмени, «Milavitsa» компаниясынын мурдагы директору Дмитрий Дичковский жана башкалар чакырылган. Форумдун соңунда белгилүү бизнесмендер атайын масстер-класстарды өтүшүп, тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу